Америка Кошмо Штаттарынын Батыш жээгиндеги токой өрттөрүнүн түтүнү Америка континентин жана Атлантика океанын кесип өтүп, Европанын түндүгүнө жетти. Бул тууралуу Коперник Европалык Атмосфералык Байкоо Программасынын (CAMS) окумуштуулары спутниктик маалыматтарга таянуу менен билдиришти, деп жазат CNN.

Адистер табигый кырсык болгон жерден 5 миң чакырым алыстыкта ​​коюу түтүндү көз менен көрүү мүмкүн экендигин айтышты.

«Бул өрттөрдүн масштабы жана деңгээли биздин байкоо жүргүзүүнүн калган 18 жылындагы көрсөткүчтөргө караганда кыйла жогорку деңгээлде … Өрттөр өткөн жылдардагы орточо көрсөткүчтөн ондогон, жүздөгөн эсе күчтүү», — деди CAMSдин башкы адистеринин бири. Марк Паррингтон.

Учурда, АКШда 11 штатта 87 активдүү токой өрттөрү бар. Калифорния менен Орегондо өрт күч алган  жерлерде ондогон адамдар каза болуп же дайынсыз жоголгон.