Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-сентябрдан тартып Кыргызстан жарандары Швейцарияга келгенде 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгын маалымдайт. 

Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрь күнү кабыл алынган. «7-сентябрдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары виза жана башка уруксат документтери менен Швейцарияга эркин кире алышат», — деп билдирет министрлик.