Гвинея Республикасынын президенти Альфа Конде эмгек министрин көчөдө сабап салгандыгын Түркиянын Milli Gazete гезити жазып чыкты.

 Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өкмөт мүчөсүн кызматтык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы жана жумушка шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн айыптап, өзүн токтото албай, көчөнүн так ортосунда аны сабай баштаган. Министр президенттин катуу соккусудан  качып кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.