Өзбекстанда окуу жылынын биринчи күнү 9-класстын окуучусу сабак учурунда эсинен танып каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү Sevimli телеканалы билдирди.

«Сабак учурунда бардыгы жигердүү болушту, бирок кыз анча активдүү болгон жок. Ал жөн гана жазып отурган. Чыгышка 15 мүнөт калганда, ал кулап түшкөн. Көрсө, окуучу эсин жоготуп койгон экен … Биз окуучуларды класстан чыгарып, медайымды чакырдык », — деген мугалим.

Кызга жүрөк массажы жана жасалма дем алуу операциялары жасалган. Бирок, окуучуну сактап калууга мүмкүн болгон жок. Учурда укук коргоо кызматкерлери мектеп окуучусунун күтүүсүз өлүмүн иликтөөдө.

Буга чейин Ташкенттеги эки мектеп карантинге алынып,  мугалимдердин арасынан коронавирус табылгандыгы маалымдалган.