Тигүүчү кыздар кечке машинаны карап баш көтөрбөй отуруп иштейбиз. Анан чай ичкени чыкканда ар кайсыны айтып, тамашалашып сүйлөшөбүз. Биз  менен жашы бир 40 тан өткөн сулуу же иштейт. Жолдошу да келишкен байке, ага тамашалап, жолдошуңздү кыздар ала качат дей беребиз. Ансыз деле көз көрүнөө тийишет деп, көлгө барган окуясын айтып берди.

“ Шаардагы ызы-чуудан эс алып, таза аба жутуп, сууга түшүп келели деп Көлгө эс алганы балдарды алып жолдошум болуп жөнөп калдык. Жеткенче көңүл куунак, кубанычымда чек жок. Жайкалып жаткан көлдү көргөндө, кубулжуп, бир толкуп алдым.  Чырпыктыдан өткөн соң, жээкке жакын машинаны айдатып, көлгө жүзүмдү чайкап, балдарым толкунду кууп ойноп, көл менен учурашып алган соң  жол уладык. Жылда келчү эженин котеджине токтодук. Эже жылмая, жылуу тосуп, комнталардын ачкычын берди. Кеч кирип баратат. Балдарым, апа биз бир аз сейилдеп суу бойлоп басып келебиз деп суранып кетишти. Жолдошум экөөбүз эртеңкинин планын түзүп, сыналгы көрүп уктадык.

Эртеси күн менен чогуу ойгонуп, балконго чыгып кере дем алып, жаратканга шүгүр келтирип, балдарымды ойготтум. Тамактанып алган соң жээкке жөнөдүк. Балдарым чуркап эле сууга бой таштап сүзүп кетишти. Биз жээке отуруп, көлгө суктанып бүтө албай карап отурабыз. Ары жактан, “жүгөрү, балык” деген үндөр улам угулат. Жээкте киши көп. Улам келгендердин саны арбып, жаш балдар, керилген кыздар, топ ойногон жигиттер.

Жолдошум спорт менен машыгып дене түзүлүшү жакшы көрүнөт. Ары жакта 5-6 жашыраак кыздар отурушкан. Чамасы бир коллективден окшойт. Алгач маани берген эмесмин,  кийинчерээк байкап калдым, сыртына үлбүрөк мата жаап, ичине кызылдан ич кийим кийген кыз, улам артты биз отурган тарапка созула карап жолдошума көз артып жатты. Ичимден кызгана түштүм. Сыр бербедим. Бир кезде жолдошум ордунан туруп, сууга сүзүп жөнөдү. Байкатпаган менен жанагы жаш неме ал да кылкылдап басып сууга кирди. Көзүмдү албай карап турам. Көз айнектин ичинен кимди караганым деле билинбейт да ага. Жолдошумдун жанына жете сүзүп, ары бери өтүп жатты.

Бир кезде балдарым келип, апа скутерге түшөлү деп калды. Бирөөсүнүн артына отуруп, көлдүн ортосуна айдап жөнөдүк. Убакыт бүткөн соң, кызыл желегин желбиретип, бери айда деп скутер ижарага берген жигит жаңсап чакырып жатты. Жээкке келсек, жолдошум кумда жатыптыр, а жанагы кыз, ары жакта кафеден чыккан музыкага чайпала бийлеп, калп каткырып, көздөрүн сүзүп жолдошумду карап-карап коет. Ошентип, кеч кирип, үйдү көздөй жөнөдүк. Мен сумкаларымды салыштырып, отурган жерди жыйнаганчакты, жолдошум алдыга баса берейин машинага, силер келе бергиле деп басып кетти.

Артынан эки балам менен биз басттык. Кайрылышта жанагы кыз, сууга түшкөн кийими менен жүрөт, жолдошумдан бир нерселерди сурап жатыптыр. Жете келип, эмне болгонун сурадым, жаай тамекиге ширенке сурады деп койду. Унчукпаган менен ичим уйгу-туйгу.  Түн бир оокумда калп эле тамеки издеп, калбай калганын айтып, дүкөнгө жөнөп калды. Дароо сездим да, мага да бир нерсе керек болгонун айтып машинага отуруп алдым. Күтпөсө керек. Дүкөнгө кирсек жанагы кыз, атырын буркуратып ошол жерде турат. Жолдошум шек алдырбай тамекисин алды. Мен  калп эле дүкөндү эки айланып, бул жерде мен издеген жок экен деп кайра чыктым. Жанагы кыз мени жаман карап, көздөрүн ойноктоткон бойдон кала берди. Биз машинага отуруп кайра үйгө келдик. Ойлоп калам, ошондо ээрчип албасам, жолдошум ошол кыз менен эмне кылмак?  Жаш эле кыз экен, ал да кызык, жанында мени көрүп, дагы эле жабышканы кандай? Биз го 40 тан эчак өттүк. Ал кызга эмне жок.  Айтор, ошол окуядан соң, кантип эс алганымды деле билбедим, жолдошумду кайтарып эле баргандай болдум”,-дейт эже.