Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчи шаардыктарга 500 даана KF94 бет кабын, 20 даана коргонуу костюмун, 20 даана пластикалык коргонуу бет кабын жана 2 кычкылтек концентраторун жардам катары берди.

Вице-мэр Виктория Мозгачева элчиге пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер көрсөткөн гуманитардык колдоо адам өмүрүн сактоого жардам берет деп ишенем», — деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда COVID-19 менен күрөшүү максатында Куми боордош шаарынан (Түштүк Корея, Кёнсан-Пукто провинциясы) 20 миң AirQueen KF80 бет кабы, 10 миң стоматологиялык бет кабы жардам катары берилген.