Аравап өлкөлөрүндө коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу, чет элдик маалымат булактары жазышты.

 Оманда 818, Ливияда 409, Ливанда 259, Кувейтте 575, Палестинада 278ге жетсе, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Йеменде вирус менен катталгандардын саны күн санап өсүүдө.

Оман Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык 13 киши каза таап, дагы 557 киши вирус менен катталды. Жалпы катталгандардын саны 91 миң 753кө жетти.

Ливия өкмөтүнө караштуу Оору менен күрөшүү улуттук борбору берген маалымат боюнча вирустан улам 11 киши каза болуп, жаңы катталгандардын саны 885га жетти. Ал эми өлгөндөрдүн жалпы саны 409, катталгандардын жалпы саны болсо 25 миң 822.

Ливан Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык 7 киши илдеттен улам каза болуп, 634 киши жуктуруп алды. Жалпы каза болгондордун саны 259, катталгандар болсо 26 миң 83кө жетти.