Амур аймагында беш жашар кыз токойдо сейилдөө учурунда жоголгон. Дээрлик бир жыл бою аны ата-энеси  издеп  айласы кеткен. Күтүлбөгөн жерден, кыз токойдогу байкоочу камерага, бугунун артынан келип, туз берип жатканда тартылып калган.


Бугулар коркпой, качып кетпеши үчүн, кыз кийиктин жанына туз жана бир аз тамак салууга аракет кылган. Ал акырын жылып, аны жасаган. Көп өтпөй бактын ортосунда улгайган адам пайда болуп,  кыз ага чуркап жөнөгөн.

 Иликтөөнүн жүрүшүндө ал 73 жаштагы жергиликтүү токойчу экендиги аныкталды. Жоголгон кызды токойдон таап, үйүнө алып келген.

Жыл бою ал кыз менен сүйлөшүп, кыздын ата-энесин табууга аракет кылган, бирок таба алган эмес. Натыйжада, видеокөзөмөлгө түшкөн бул адам ким экендиги аныкталып, дареги боюнча табылган. Кыз тирүү аман-эсен  ата-энесине берилген.