Ырчы Айгерим Расул кызы жарандык позициясын билдирип, алдыдагы шайлоодо кайсы партияны колдой турганын айтты. Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргыз Элим! Мен саясаттан алыс болгум келет. Бирок өлкөбүздөгү болуп жаткан көрүнүштөр ар бир жаранды кайдыгер калтырбайт. Мен дагы өзүмдүн жарандык позициямды айтууну туура көрдүм. Көптөгөн партиялар жарнама иретинде мага иш алып баралы деп жакшы суммаларды сунуш кылышты. Бирок мен акчага кызыкпай арканды узун таштап эртенки күнүбүздү, мамлекетебизди ойлоп ушундай кырдаалда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясын колдоону туура көрдүм! Бул партиядан 1 сом дагы алган жокмун. Ал силерге деле ачык- айкын көрүнүп турат деп ойлойм. Акчага азгырылбай чын дилибиз, жүрөгүбүз менен Мекенибиз үчүн туура тандоо жүргүзөлү! Урматым менен Айгерим Расул кызы»-деп жазды ал.
@klub__zabotlivyh_mam
@klub__zabotlivyh_mam