Коом

Кыргыз-тажик өрттөлгөн үй толугу менен бүткөрүлүп, ээсине тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда өрттөлгөн турак үй мамлекет тарабынан курулуп, Мажитовдордун үй-бүлөсү жаңы үйлүү болду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 17-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов Мажитовдордун үй-бүлөсүнө өздүгүн тастыктаган жана башка тийиштүү документтерин тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаркынбек Максутов үй-бүлөнүн үй менен кошо өрттөлүп кеткен документтерин калыбына келтирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-майда  кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Орун алган чырдын кесепетинен кыргыз жаранынын үйү толугу менен өрттөлгөн. Үйдүн курулушуна мамлекет  каражат бөлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button