Кыргызстанда 18-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 91 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 37 — коронавирус, 54 — пневмония. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 244 адамга жетти. Акматова кошумчалагандай, акыркы сутка ичинде илдеттин каза болгон учурлар катталган жок.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 7
  • Ош — 3
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу — 15
  • Талас облусу — 3
  • Нарын облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 15
  • Баткен облусу — 20