Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
• Баткен облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 1

Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3188 учур катталды, алардын ичинен 2760 медкызматкер айыгып чыкты.