Алып баруучу ,актриса Назира Айтбекова кандай гана кырдаал болбосун жашоону адам өзү гана өзгөртүп, жакшы нукка бура алаарын айтат:

“Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден соң жанчылганын жатка билем. Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат. Ар бир төпөшүң мени дагы сындырат, дагы чөгөлөтөт. Жакшы көрөм дейм. Жек көрүүм да сага болгон сүйүүмө өрүлөт. Кайсы сезимим күчтүүрөөк чыгып атканын айрымалай албай кыйналам. Неге? Балдарымды бапыратып берип, үстүңө үйрүлүп түшүп, очогуңду булатып, камыңды көргөнүм үчүнбү? Кайсы жазыгымды айыптап, кайсы катам үчүн төпөш жейм? Түк түшүнбөйм. Кетем дейм! Жаныма батканда чамынып чыгам. Кайда барам? Кимге батам. Сенден башка жакыным жок. Суук дүйнө мени кабыл алабы, кучагына кысабы? Жакыным деген сенден ушунча кордук көрөм, а чочун адам чекемди жылытабы? … дедим. Көп жолу дедим. Кетип калам. Байланган иттей кайра келем. Сүйүүңдү көрүш үчүн эмес. Тепкиңди жеш үчүн келем. Бирок бүгүн бошонгум келди. Жашоону сүйгүм келди. Бүгүн жаңы барак баштайм деп чечтим. Мурункудай кайра эле келет дебе. Мындан ары сүйүү күтпөйм. Сүйүү жаратам! Менде мен гана бар экенимди, мен мени сүйсөм, дүйнөнү бүтүндөй сүйө ала турганымды сездим. Кандай сонун?! Жашоонун кереметин сезбептирмин негедир…бүгүн менин жаңы төрөлүшүм! Көзүм көгала төрөлдүм. Бирок бактылуумун…”-деди Айтбекова.