Бишкек—Ош унаа жолундагы ашууларда кар жаады. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Суусамыр — Талас жолундагы Өтмөк ашуулары кардан тазаланды, деп билдирди Транспорт жана жолдор министрлиги бүгүн, 18-сентябрда.

Ашууларда бүгүн, 18-сентябрга караган түнү жааган кардын калыңдыгы 10-15 см болгон. Карга байланыштуу унаалардын каттамына кыйынчылыктар жаралган.

№9 жана №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап, учурда каттам толугу менен ачык.