Жакшы апа болуу оңой эмес. Чындыгында, бактылуу көз ирмемдерге жана жагымдуу жумуштарга карабастан, кээде күтүлбөгөн сыноолорду туруктуулук менен өткөрүп, кызыкчылыктарыңды курмандыкка чалып, ыңгайсыздыктарды баштан кечиришиң керек.


Норвегиялык  сүрөтчү Джейд Нордал ымыркайы Абел төрөлгөн алгачкы күндөрдөн баштап, күнүмдүк жашоосун сүрөткө түшүрүп баштаган. Жашоодон алынган бул эскиздер абдан күлкүлүү көрүнгөнү менен чындыкты чагылдырат.


«Узакка созулган кош бойлуулуктан жана оор төрөттөн кийин, беймарал жаткан баламды көтөрүп, бул башталышы гана экенин түшүндүм. Андан кийин бардыгы өзүнөн-өзү болду: мен мамилелерибизди  эмоцияларыбызды тарта баштадым. Натыйжада күлкүлүү, бир чети таасирдүү сүрөттөр пайда болду. Бул терапиянын бир түрү. Анан мен дагы чарчап калган энелерге жардам берип, аларга өз эмгегимди көрсөтө баштадым «, — дейт автор өз билдирүүлөрүндө.

Сүрөтчүнүн бул эмгегин көпчүлүк айымдар колдоого алып, жашоо чынында ушундай болоорун тастыкташкан.

https://www.instagram.com/p/CEHMLKcAaxM/
https://www.instagram.com/p/BmI4NlblXGR/
https://www.instagram.com/p/BnQ6ZPZliV_/
https://www.instagram.com/p/B7vJzwIgDHU/?utm_source=ig_embed
https://www.instagram.com/p/BUFoOghhYyE/?utm_source=ig_embed
https://www.instagram.com/p/BIxrcBzj9Kz/?utm_source=ig_embed
https://www.instagram.com/p/BFuJTV5gNCR/?utm_source=ig_embed