Жүк ташуучу машинанын айдоочусун жолоочу аял зордуктап кеткен. Бул тууралуу Нью – Йорк Таймс басылмасы жазып чыкты.

Анда 27-жаштагы узун жолдо күн кечирген жүк ташуучу машинанын айдоочусу полицияга кайрылган. Анын айтымында кечке маал жол жээгинде кол тоскон аялга токтоп аны жетчү жерине чейин сала кетет. Аялдын кебетесинде ал кылмыш кылмак тургай чымындын да бутун сындырууга дарманы келбеген назик болгон. Жол жүрүп чарчоодон улам бир аз уктап алууну көздөгөн айдоочу жүргүнчү аялга жакын жердеги жатак үйлөргө түнөп алууну айтат.

Аял жолдон алыс эмес жерде жакшы конок үйү бар экенин айткан. Чарчаган айдоочу аял көрсөткөн конок үйгө барып катуу уйкуга кеткен. Таңга маал чочуп ойгонуп кетет. Оззу скочтолгон, колдору кроваттын башына бекем байланган. Көздөрү таңылган. Бөлмө ичинде төрт аялдын үнү угулуп жатты.

Алар эгерде төшөктө жигердүү болуп бербесе аны бычып саларын айтып коркутушкан. Ошондой эле жыныс мүчөсүнө бычак такап турушкан. Бул кыйноо бир суткадан ашык убакытка созулган. Андан кийин аялдар “эгерде бирөөгө айтсаң каалаган жолдон кармап бычып кетебиз”-деп коркутушкан.

Кызыгы бир жарым суткада аны менен жыныстык катнашта болгон аялдардын жүзүн көрө алган эмес.
Айдоочу бул окуядан кийин полиция кызматкерине кайрылган. Алар мындай төрт аял катышкан окуялар кайталанып турганын айтышып, аялдарды тыкыр издөөгө алышкан. Тилекке каршы аялдарды колго түшүрө албай жатышат.