Мексика жана Америка Кошмо Штаттарында, канаттуулардын массалык түрдө өлүп жатканы айтылды. Канаттуулардын өлүмүнүн себеби азырынча тактала элек.

Бул тууралуу, Нью-Мексикодогу биологдор биринчилерден болуп коңгуроо кагышты, ал жерде жергиликтүү тургундар миңдеген келгин  куштардын өлүгүн табышкан. Нью-Мексико мамлекеттик университетинин профессору Марта Десмонд канаттуулардын массалык түрдө жок болушунун себеби табышмак бойдон калууда — жугуштуу оору, өрттүн түтүнү же акыркы суук менен байланыштуу болушу мүмкүн деди, бирок азырынча жооп жок. учурда өлгөн канаттуулардын саны «миллиондоп саналат».


Биологдор изилдөө үчүн табылган өлгөн канаттуулар жөнүндө билдирип коюуну өтүнүштү.

Американын түштүк-батыш штаттары — Колорадо, Аризона жана Техаста — куштардын себепсиз өлүмү көбөйгөнүн билдирди. Санта-Фе Улуттук токойундагы АКШнын токой кызматы дагы коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Күбөлөрдүн айтымында, кээ бир канаттуулар, анын ичинде чабалекей сыяктуу келгин куштар өлөр алдында башкача жагдайда болушканын байкашкан.