Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму Европа өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруунун учурлары өсүп жатканын эскертет.

Онлайн тартипте өткөн маалымат жыйынында ДССУнун Европадагы аймактык директору Ханс Клюгге учурда ооруга көп чалдыгуулар 25 жаштан 41 жашка чейинки адамдардын арасында байкалып жатканын билдирди. Ушул кезге чейин жалпы дүйнөдө 30 миллион адам жуктуруп алган.

Андыктан ДССУ жарандарды социалдык аралыкты сактап, беткап тагынууга чакырат.