Мьянмада эки баштуу бала жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Нейпьидодагы оорукананын башчысы У Тун Тун билдирди.

“Жаңы туулган наристенин артык башын кошпогондо саламаттыгы жайында. Менин иш тажрыйбамда алгачкы жолу эки баштуу баланы көрдүм”,-деди дарыгер.

29 жаштагы Санда Миин төрөт үйүнө кош бойлуу кезинен 8чи айында келип түшкөн. Ал келээри менен операция жасалып, ийгиликтүү өткөн. Бул анын экинчи баласы. Ымыркайдын салмагы 2,5 кг. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Саламаттыгы жайында.