Орусиялык алып баруучу, шоумен Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовага каршы берген доо арызын сот кабыл алган жок. Бул тууралуу Молдокматованын расмий өкүлү SUPER.KG порталына билдирген.

“Артур Цветков кайрылган Москва соту анын доо арызын кабыл алган жок. Ошондой эле сот бул арызды негизсиз деп билдирген. Учурда Ассоль Молдокматованы колдогон адамдардан дагы деле видео кайрылуулар келип жатат. Арасынан Юрий Назаров, Николай Горшков, Стач Курач, Сергей Пускепалис сыяктуу Орусиянын легендарлуу жана эмгек сиңирген артисттери дагы Ассолду колдоп видео кайрылуу жөнөтүшкөн”, – дейт Молдокматованын өкүлү.

Буга чейин Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан моралдык чыгым катары 1 миллион доллар талап кылып жатканын жана сотко доо арыз менен кайрылганын билдирген.