Кечээ, 18-сентябрда Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундар үчүн сынак тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19 пандемиясына жана эки мамлекет ортосундагы чек аранын жабык болушуна байланыштуу Тажикстандагы этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу, ошондой эле тестирлөө Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде өткөрүлдү.

Сынактын жыйынтыгында тестирлөөгө катышкан 16 талапкердин 9у акысыз билим алууга сунушталды.

Тестирлөөнү Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору элчиликтин кызматкерлеринин жардамы менен өткөрдү.