Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, билим берүү мекемеси 225 орунга ылайыкташтырылган. Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылдын 31-августунда башталган. Курулушка республикалык бюджеттен 51 миллион сом бөлүнгөн.


«Азыркы мезгилдин талабына ылайык ашкана жана спорт залы курулду. Компьютердик класс бар. Учурда 26 мугалим 220 окуучуга билим берүүдө », — деп билдирди министрлик.