Россия 4 өлкө менен аба каттамын жандантты. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Россиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдирди.
21-сентябрдан баштап аба каттамдары Казакстанга (Нур-Султан), Кыргызстанга (Бишкек) жана Белоруссияга (Минск) жүргүзүлүп баштайт. Ал эми 27-сентябрдан баштап Россия–Түштүк Корея аба каттамы иштеп баштайт.
Азырынча мындан башка маалымат берилген жок.
«Аба каттамдары эки жактуу макулдашуу менен жумасына бир жолу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.