Менин жашым 29 ата энем жок. Кудайыма шүгүр беш тууганым бар. Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Ал арада жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошумдун биринчи турмушунан уч баласы бар. Аялы каза болуп калган. Жашообуз бактылуу башталды. Бирок, көпкө созулган жок.

Үч ай болгондо жолдошум ичип келип мени уруп, туугандарым алып берген төшөк, жууркан, сандык дагы башка буюмдарымды көчөгө ыргытып, кет дегенинен, бир тууган агамдын үйүнө барып жашоого аргасыз болдум. Чынын айтканда мага аяабай оор тийди. Жашабайм деп шаарга келе бергем.

Жолдошум кечирим сурап жанымды койбоду, масчылык менен болду деп ар кайсыны бир айтып жалдырайт. Аял заты өзү кечиримдуу болобузго мейли турмушумду бузбай жараштым. Бир туугандарым айтканына көнбөй кечирип жашадым. Үйрөнгөн адат калабы үйгө жүгөн салабы дегендей эски адатын кайра кайталады. Жашаганыбызга бир жыл болбой экинчи ирет андан кеттим. Кайра агамдын үйүнө келип уч талак деп кетти. Эми кайра келип «кечирип кой» деп жүрөт. Бир туугандарым жашабайсың дешип болбой жатат жолдошум болсо жашайлы болбосо каттуу сөздөрдү айтам өмүр бойу бактысыз оорукчан болуп каласын деп жатат. Мен азыр эки жолдо турам. Эмне кылсам?