Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 18-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен Данир Иманалиевди чыгарды.

Мындай чечимге Данир Иманалиевдин 16-сентябрда жазган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы негиз болду.

Ал партиянын тизмесинде 188-орунда болчу.

Буга чейин Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун акими болуп иштеп келген.