19-сентябрда бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ресупбликалык штаб билдирет.
• Баткен облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Ош облусунда – 4

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3197 учур катталды, алардын ичинен 2779 медкызматкер айыгып чыкты.