18-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун жетекчилиги астында облус активи катышкан жыйын болуп өттү.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында үч маселе каралды. Алгач облустун кыш мезгилине болгон даярдыгы каралып, от казандардын абалы талкууланды.

Өкүлдүн орун басары кышка даярдык боюнча бир катар жетекчилердин ишин сынга алды. “Ар бир социалдык мекемеде жылуулук жана үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо үчүн азыртан кемчиликтер жоюлуп, жумуштар иш жүзүндө аткарылыш керек. Сиздер дайыма 100 пайыз даярбыз деп айтасыздар, бирок кыш келгенде маселелер чыга баштайт. Андыктан кышка даярдык көрүүдө кылдат мамиле кылуу керек. Мен сиздерден бир жума ичинде даярдыкты 80 пайызга жеткирүүнү талап кыламын», — деди ал.

Мындан сырткары, жыйында парламенттик шайлоого карата шайлоо участкаларындагы даярдык, кызматкерлердин жана шайлоочулардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды аткаруу, ар бир шайлоочуга шарт түзүү талкууга алынды. Өкүлдүн орун басары район, шаарларда шайлоону өткөрүү боюнча атайын ишеним телефондорун уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле жыйында Баткен облусунун аймагындагы «Санарип Кыргызстан» программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча сөз болду.

Айыл аймактарга интернет жеткирүү, өз алдынча башкаруу органдарынын чарба китептерин электрондоштуруу, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында интернет байланышынын ылдамдыгын жогорулатуу жана жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жандантуу маселелери каралды.