Арыктоо үчүн тамак жебей коюу менен гана чектелбеш керек. Ал эми тамактанууну көзөмөлдөө үчүн, «тарелка ыкмасын» колдонсоңуз болот, деп түшүндүрдү диетолог Адриана Орос. ABCге берген маегинде.

“Тамактанганда  табактын жарымы жашылчалардан, төрттөн бири белок азыктары (жумуртка, балык, эт, буурчак), ал эми дагы бир бөлүгү татаал углеводдордон (макарон, күрүч, картошка же нан ) болушу керек. Ошондой эле тамак-ашка бир аз зайтун майын, жаңгак же авокадо кошсоңуз болот”,- дейт  адис.

Анын айтымында, арыктагандар татаал углеводдордун маанилүүлүгүн унутуп, туура эмес белокторду тандап алышат. Мындан тышкары, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн сактоону унутушат. “Тарелка ыкмасын” колдонууда эксперт тамакты акырындык менен даярдоону сунуш кылды: алгач чийки жашылчаларды, андан кийин белокторду, андан кийин углеводдорду кошуңуз. Эң аягында ден-соолукка пайдалуу майлар кошулат.