Бүгүнкү күндө объект боюнча 100% га фундаменттин чуңкурлары казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Учурда, фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда.

Бардыгы болуп 76 жумуш жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган.

Белгилесек, 2019 м2 жалпы аянты бар 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун» тарабынан 36 млн сом каржыланды.