Теле алып баруучу Назира Айтбекованын Инстаграмдагы баракчасы миллион катталуучу болду. Бул тууралуу Айтбекова күйөрмандарына бөлүшүп, жылуу сөзүн арнада.

«Инстаграм баракчамда миллион катталуучу болду бүгүн! Кубанып атам! Бот жок. Маңдай тер менен чогулган күйөрмандарым. Катталуучуларымдын көпчүлүгү 24 жаштан 65 жашка чейинки куракта. Сабаттуу, маданияттуу, жөн эле ойлорума салмактуу ойлорду кошуп турган, эмне жазсам да сөзүмдүн аркасын кошо түшүнгөн, какшык — тамашага күлүп, жыргаган күйөрмандарым бар. Мага катталып, ар бир сезимиме ортоктош болгонуңуздар үчүн рахмат! Эми мунун урматына той бербей эле, «скромно» сүйүнүп коёюн ээ?»,-деди Айтбекова.