Кадам медиа маалымат порталы “Психологдон кеңеш” рубрикабызга келген каттарды жана психологдун кеңешин сунуштайбыз.

Аноним:

Ассалому алейкум туугандар. Кандайсыздар? Менин атым аноним бойдон калуусун суранат элем. Мен бир нерсени сиздер менен бөлүшөйүн дедим эле. Турмушка чыкканыма 8 ай болду, 8 айда көп нерсени көрдүм. Турмушка чыкканыма өкүнбөйм. Бирок жолдошум экөөбүз такыр келише албайбыз. Көп урушабыз. Бир нерсе сурасаң бакырып урушуп, уруп, жинди боло берет. Кетип калгым келет. Бирок ойлонуп калып калдым. Экөөбүз тетири карап жатабыз.

Психолог Альбина Закирова:

Саламатсызбы, аноним.

Силер жаңы эле баш кошупсуңар. Көп нерсени үй-бүлөө курганда үйрөнөсүз. Сизге өзүңүздүн эмне деп жолдошуңузга сүйлөгөнүңүздү, кылган нерсени ойлонушуңуз керек биринчиден. Сиз ага турмушка чыгып жатканда ал кандай эле, кандай жакшы жактары бар, кандай мамиле кылчу эле. Жакшы болгон үчүн турмуш курдуңар. Эми баары сиздин колуңузда.

Биринчиден ага жакпаган нерсени айтпагыла, жасабагыла.

Экинчиден жолдошуңузду урматтоо, сыйлоо керек. Динде да бул бар, психологияда да бул нерсе бар.

Эч качан үнүңүздү  катуулатпаңыз, назик болгула, сылык болгула. Бир нерсе жакпаса өзүңүздүн сезимдериңизди  биринчи айтыңыз, жаман болгонуңузду ж.б. Эч качан сен мындайсың, тигиндей кылдың дебеңиз. «Сен» деген сөздү аз колдонуңуз.

Жакшы нерсе кылса же айтса «Рахмат» деген сөзүңүздү аябаңыз. Мактап туруңуз колуңуздан келишинче.

Дайыма ысык тамак, жылуу сөз болсо жолдошуңуз сизди колунда көтөрүп жүрөт.

Баардык нерсени аткарсаңар, баары жакшы болот, анткени үй -бүлөө куруу-бул жумуш.

Бактылуу болуңуздар!