Учурда Анжелика Кайратова Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңешке аттанган «Республика» партиясынын үгүт иштерине катышууда. Анда чогулган элге төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

«Мен үй-бүлөм менен «Республика» партиясын колдойм. Азыр баары эле айтып жатат «кайсы партияга добуш беришиңди айтпашың керек, көрсөтпөшүң керек» деп. Биз эмнеге жаап жашырып, корккон заманда жашашыбыз керек. Мен он жыл мурун эле бул партияны колдоп келем. Муну азыр дагы коркпой колдогонумду жашырбайм. Ар кимдин өз укугу жана тандоосу болушу керек«,-деди Анжелика.