Социалдык тармактарда шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин эл астында сүйлөп жатып жаңылган видеолору тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратуусун улантууда. Бул жолу»Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев дебат учурунда «долбоор» деген сөздү айта албай кыйналды. Тилек Токтогазиев буга чейин башка талапкерлерди сындап келген.

Эске сала кетсек, депутаттардын жаңылганы бул биринчи учур эмес. Буга чейин спикер Дастан Жумабеков «Макалё», «Франкфурт жана Маяне» деген сөздөрү менен коомчулуктун эсинде калса, Тазабек Икрамов «Сексалю» деген сөзү менен белгилүү.

https://www.instagram.com/p/CFXXyTMFtR6/?igshid=xg2af6obeucs