21-сентябрдан тарта Орусия Кыргызстан менен аба каттамдарын жандантат. Тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгонун орус өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Орусиянын коронавирусту алдын-алуу боюнча оперативдүү штабы Кыргызстан менен бирге Казакстан, Беларус, Түштүк Корея менен учак каттамдарын ачуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, 21-сентябрдан тарта Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскке, ал эми 27-сентябрдан тарта Сеулга жумасына бир жолу учак каттамы ишке ашмакчы.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан.

Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тарта Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран жеткирилген