Улуу Британияда 13 баланын энеси жана «Кош бойлуу» телешоусунун жылдызы Мэнди Гарднер өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Мэндинин сөөгү 7-апрелде Вортинг шаарындагы үйүнүн жанындагы токойдон табылган, бирок аялдын өлүмү тууралуу азыр гана белгилүү болду. Патологдор өлүмдүн себеби суицид болгон деген тыянакка келишкен.

2016-жылдагы көрсөтүүдө жубайлар он экинчи наристесин күтүп жатышканын жана үй-бүлөлүк маселелер жөнүндө сүйлөшкөн. Ошол эле убакта ал өз жанын кыюу жөнүндө да сөз кылган.