«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, кечээ, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Партиянын маалыматына караганда жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жаткырылган. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Бул партия өз билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок.

Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды.

Социалдык тармактарда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыр чыкканын жазып чыгышкан. Бирок аталган партиялар бул маалыматты тастыкташкан жок.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдады.

Аширбаев билдиргендей, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталды.

Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБинин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулар менен жолугушуу туурасында алдын-ала маалымат бербегенин кошумчалады.