Жолдошуңузду эртең менен жумушка узатасызбы? Же мырзалар жубайыңызды узатасызбы?

Адистердин айтуусунда, үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдеп, ортодогу жылуу мамилени узак жылдарга сактоо үчүн көп мээнеттин деле кереги жок. Кандай кадамдарды кылбаңыз, эң негизгиси, жан дилден болуш керек. Түгөйлөрдүн күнү бою жагымдуу маанайы эртең менен башталат.

Жолдошуңузду жумушка узатарда:
1. Жолдошуңуз эртең менен жумушка жакшы маанайда узасын десеңиз, кечинде кам көрүп баштаңыз. Анын жумушка кие турган кийимин дайындап койгон оң. Эртең менен шашып даярдасаңыз, анын убактысын аласыз. Мындан улам маанай түшүрө турган сөздөр айтылып кетүүсү мүмкүн.

2. “Кутман таң”, “Жакшы эс алдыңбы?” деген суроону көп жубайлар бири-бирине бере беришпейт. Бул жакшы сөздөр менен таңды баштасаңыз, жолдошуңузду сүйүнткөн болосуз.

3. Жолдошуңуздан жарым саат эрте туруп жуунуп, өзүңүздү иретке келтирип алыңыз. Эркек аялын жакшынакай бойдон көргүсү келет. Чачы жайылган, көзү уйкудан ачылбаган кебете ар бирине эле жага бербейт.

4. Эркек ачык айтпаганы менен тымызын жубайынан жылуу мамиле, камкордук күтөт. Ортодогу мамилени ысык бойдон узак жылдарга сактоону кааласаңыз, эртең мененки таттуу уйкуну курмандыкка чалыңыз. Айрымдар “өзүм эле ичип кетем” деши мүмкүн. Бирок күйөөңүздөн озуп туруп чай даярдап турганыңыз ага жагымдуу болору талашсыз.

5. Тиричиликке байланышкан айрым маселени эртең менен жолдошуңузга дайындабаңыз. Балким, ою жумуштагы долбоордо, маанилүү келишимде, жетекчинин жоопкерчиликтүү тапшырмасында болушу мүмкүн. Сиздин айткандарыңыз оюн чаржайыт кылып, жыйынтыгында айткандарыңызды унутуп калат. Кечинде келгенде түшүнбөстүк ушундан жаралуусу мүмкүн.

6. Кечинде айрым бир маселеде талаш-тартыш жаралса, толук чечилбей калса, аны эртең менен улантуунун кажети жок. Адам иш күнүн сергек мээси, жакшы маанай менен баштагысы келет. Ар кандай маселе аны ишинен алагды кылып, таң эрте маанайын түшүрөт. Андыктан “иш күнүң жакшы өтсүн”, “ийгиликтүү күн” болсун деген жакшы тилегиңиз орундуу болуп саналат.
Кечинде жумуштан келерде:

Ар бир эркек жумуштан үйгө кайтарда жубайынын жакшы маанайын, дасторкондо даамдуу тамактын болушун күтөт.

Булак: Леди.кг