Менин жашым 34 дө. Кудайга шүгүр алты саным аман. 23 жашымда турмушка чыктым. 2 жыл жашап жолдошум экөөбүз жашообуз болбой ажырашып кеткенбиз. Турмушум балалуу боло албадыктан кетип калганым себеп болду. Кайын журтумда кысылып, жүдөп дагы кеттим. Өзүм окуу жайды бүткөм башталгыч класста мугалим болуп жумуш деп жүрүп 28 жашымда дагы турмушка чыктым. Ата-энемдин үйүндө жүрсөң да баары бир кысылып жашайт экенсиң. Келин деген бар. Элден азыр чынында эле уялып бүттүм. Кийин кошуна айылга турмушка чыктым. Намаз окууган адам болгондон кийин жашообуз оңолуп кетет деп үмүт кылдым.

Анын да 2чи турмушунан 2 баласы бар экен. Төрөбөсөм дагы апа болом да деп сүйүнүч болду. Балдарынын чоңу 9-класста бири 6-класста окушат. Мени алып барганда жактырышпады окшойт. Тил табышып кетем деп койдум. Албетте балдарга деле оор болсо керек өз энесинин ордуна эле башка келип алса кыйын эле. 1 жыл чыдап араң жашадым. «Эл эмне дейт» дагы деген сөз бар го чоң балабыз жаман жолго басып, жаман сөздөрдү сүйлөп мага жаман мамиле кыла баштады. Кичинеси болсо абдан жакшы бала болчу. Экөөбүз ынак элек. Мага ар дайым жардам берип, билбеген нерсени сурап турчу. Өз ичимдеги баладай жакшы көрдүм. Балалыгын да айтып «уруш көп болчу» деп айтып калчы.

Жолдошум болсо мени жөн гана бул үйгө аял киши керек үчүн мени алган экенин кийин билдим. Өзү шаарга келип кетип иштейт эле. «Балдарды сага тапшырдым сен тарбияла бир нерсе болсо сен жооптуу болосуң» дечу. Мен да «мейли» деп койгом. Бирок улуу баласы үйгө түнөбөйт. Кээде ичимдик ичип да келип, мага инисине кыйкырып, сабап салчу мен ага болушам. Атасы үйдө болсо бир жака кетет кайра келип калат. Атасына чалсам албайт СМС менен жооп жазып койчу. «Жолдо же бошобой жатам» деп.

Ошентип баласынын айынан урушуп кеттик. «Тарбия бергиле тартип керек экен» деп атасына эскертүү бердим. Анысы го мейли баарынан мени күйгүзгөнү шаарда бирөөнү таап алып, «эгер макулдугуңду берсем ага никемди байлайм» деп күйгүзөт. Мен араң жүргөн жаным тынч эле кете берүүмдү айтып, ата-энеме айтууга аргасыз болуп баса бердим. Балалуу дагы боло албадык. Кичине баласы «кетпеңиз апа» деп ыйлаган бойдон калды. Жүрөгүм эзилип, эстесем ыйлап алам. Турмушумдун мындай болгонуна капалана берем. Ый менен эч нерсени жеңе албадым. Балалуу болуп мен да эне болгум келет. 2 баласынын сүрөтүн алып алгам. Аларды эстесем ыйлай берем. Кантсе дагы аял турган үй башкача болот эмеспи. Эми жашоом кандай болот билбейм…

Жылдыз