Өткөн ишемби күнү экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкектеги Шератон мейманканасынын ресторанында укмуштуудай иш-чара – кыз узатуу иш-чарасын өткөрдү. Республика партиясынын мурунку лидери улуу кызы Айперини турмуш жолуна узатты.

Бабановдордун үй-бүлөсүнүн жакындары күйөө баланын аты Санжар деп билдиришти. “Алар Улуу Британияда окуп жүргөндө бири-бирин Лондондо табышкан”.-деп кошумчалашты.

Бабановдун күйөө баласы-Эсеп палатасынын экс-төрагасы, Чүй облусунун мурунку губернатору Азамат Кангелдиевдин уулу. Белгилей кетсек, Кангелдиев ошондой эле “Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Той жазга пландаштырылган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам, майрамдык иш-чаралар кийинкиге жылдырылган.

Салтанат жакын адамдардын жана туугандардын катышуусунда тар чөйрөдө өткөн.

Иш-чарага айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер дагы катышты. Кыз узатууга катышкандарга сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Булак: Эркиндик. медиа