Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда болгон эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Боронов күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керек экенин белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Turmush басылмасы Араванда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт маалында чыккан чырдын кесепетинен 12 жаран ооруканага түшүп, 5 автоунаа талкаланганын жазды.

Маалым болгондой, кечээ 20-сентябрда саат 19:15те белгисиз жаран Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жатканын кабарлаган.

Бул билдирүү боюнча алгачкы текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: 20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Араван районунун С.Юсупов айыл аймагына караштуу Араван айылынын М.Султанов менен Т.Сатылганов көчөлөрүнүн кесилишинде саясий партиянын талапкери И.М.нын катышуусунда чогулуш өткөн. Ал жерде белгисиз себептерден улам чыр чыгып, чогулган элдин арасында мушташ чыккан. Жыйынга 100 чакты адам катышкан.

Саат 21:30га карата уруштун кесепетинен Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар түрдүү жаракат менен кайрылышкан. Андан сырткары 5 автоунаа талкаланган.