Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 279 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 554 бейтап, үй шартында 1 миң 725 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 55 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 471ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 682 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.