21-25 сентябрь күндөрү Бишкекте «Өзүңдүн кан басымыңды бил» акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунан билдиришти. Бул күндөрү тургундар Үй бүлөлүк медициналык борборлорунда, саламаттыкты сактоо уюмдарында кан басымын текшерте алышат

Ошондой эле, өтүшкөн гипертонияны жана башка ооруларды алын алуу үчүн шаар тургундарына ачык эшик күнү өткөрүлөт. Андан тышкары, райондук администрацияларда, МАБдарда, маркеттерде, калкты тейлөө борборлорунда жана ири соода борборлорунда кан басымды текшерүү уюштурулат. 

Ал эми 26-сентябрда «Ден-соолук» паркында саат 9:00дөн 14:00гө чейин «Кан донорлорунун улуттук күнүнө» карата кан тапшыруу акциясы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты — калктын жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, гипертония оорусунун тобокелдик факторлору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана ден-соолукту чыңдоого үндөө.