Саясат таануучу, коомдук ишмер, Алмазбек Акматалиев  Араван районунда болуп өткөн , саясый партиялардын тарапкерлеринин окуясы боюнча пикирин Facebook баракчасына жазды.

«Аравандагы окуя өтө чатак сигнал. ИИМ тез аранын ичинде күнөөлүлөрдү аныктап, жазага тартыш керек. Керек болсо күнөөлүү партияны шайлоодон четтетиш керек.
Бул өтө жаман жөрөлгө. Кеп партияларда эмес, кеп топ адамдардын мушташында… Алар кайсы партиядан болбосун, күнөөлүү болсо жооп бериш керек… Бийликчил, мийликчил деген болбойт мындайда…»

Эске сала кетсек, 20-сентябрда Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экени маалымдалган.

Өз кезегинде ИИМ билдирүү таратып, анда Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болгонун айтты.