«Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Элвира Сурабалдиеванын суракка чакырылышы ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши менен байланыштуу. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш тергелип жатканда парламенттеги айрым депутаттар, анын ичинде Э.Сурабалдиева дагы күбө катары чакырылган. 

«Элвира Сурабалдиевага 17-сентябрда күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко келүү тууралуу кабар берилген. Депутаттын суракка чакыруунун себебин билбейм дегени чындыкка дал келбейт. Чакыруу Сурабалдиеванын саясий ишмердүүлүгү менен байланышту эмес»,- деп айтылат маалыматта. 

Курсан Асанов «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти» деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.