«7tv.kg» сайтынын «Кыргызымдын жигиттери» аттуу рубрикасынын алгачкы чыгарылышы старт алды. Бул рубрикада атактуу, кыргыздын мыкты айымдары кыргыз жигиттери тууралуу кеп салышып, алардын жакшы жана жаман жактарын сыпатташат. Бул чыгарылыштын алгачкы коногу маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү эстрада ырчысы Айнура Салахидинова. Эмесе ырчы айымдын өз сөзүнө кезек берели.

Менин баамымда «Кыргызымдын жигиттери» намыска бекем келишет. Элим-жерим үчүн деп күйгөн мырзалар абдан көп. Аларды көрүп сыймыктанам! Бирок ошол эле учурда, европаны туурап кийинип, же болбосо аял затына зулумдук кылгын жигиттер да жок эмес. Кызга окшоп назик, созолонгон эркектерди көрсөм кыжырым келет. Келечекте өсүп келе жаткан жаш муун, Манас атабыздай айкөл, эр жүрөк, тайманбас болуусун каалайт элем. Өзүмдүн балдарымды да спорт менен алектентип, эркектик касиетин сактап калуусун көзөмөлдөп турам. Урматтуу мырзалар, дениңиздер сак, жүрөгүңүздөр курч болсун! Үй-бүлөңүздөр сиздерге гана таянып турат!

Булак: «7tv.kg»