17-сентябрга караган түнү Түркмөнстандын Фараб этрапы менен Өзбекстандын Алат аймагынын ортосундагы мамлекеттик чек ара бөлүгүндө биргелешкен рейд өткөрүштү.

Түркмөнстан маалымат булактары билдиргендей, Аму-Бухара каналында аскер кызматкерлери резина кайык менен жүк ташыган адамдарды байкаган. Чек ара аймагындагы каналдын туурасы болжол менен 80 метрди түзөт. Чек арачылар асманга эскертүүчү ок чыгарышкан.


Карама-каршы жээктен белгисиз адамдар түркмөн тарапты көздөй мылтыктан ок чыгарышкан. Каналдын ортосунда кайыкта отурган адам сууга секирип, Өзбекстандын жээгине сүзүп кеткен.

Эки тараптан тең бир нече жолу ок атышуу орун алып,  эч ким жабыркаган жок.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандар тамеки аткезчилиги менен алектенишкени белгилүү болгон. Жалпысынан 150 куту тамеки Түркмөнстанга жөнөтүлүшү керек болгон.


Маалыматта Ашхабадда тамеки тартыштыгынын уланып жаткандыгы жөнүндө айтылат. Түркмөнстанда тамекини мыйзамдуу сатуу мамлекеттик дүкөндөрдө гана мүмкүн. Бирок, акыркы эки айда тамеки жеке дүкөндөрдө жашыруун сатыла баштаган.