Кыргыз Республикасында 2014-2015-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия чыгарган китептердин арасында «Дүйнөлүк адабият» түрмөгүндө өзбек жазуучуларынын аңгемелери «Ак булут, аппак булут» деген ат менен жарык көрдү. Бул тууралуу адабиятчы Абдыкерим Муратов билдирди.

Аңгемелерди түп нускадан Абдыкерим Муратов которгон. Китептин баш сөзү катары эсептелген макала «Өзбек жазуучуларынын аңгемелеринин өрүшү» деп аталып, анда чакан жанрдын пайда болушу жана калыптанышы, азыркы абалы тууралуу кеңири сөз болот.

Жыйнакка Улмас Умарбековдун «Саресеп», Шүкүр Холмирзаевдин «Ээсиз калган ээн үй», Өткүр Хашимовдун «Махабат», «Ак булут, аппак булут», Эркин Маликтин «Гүл ышкыбозу», Нурали Кабулдун «Талаа жолу», Эркин Аззамдин «Кар баскан дабан», Хайриддин Султоновдун «Бу дүйнөнүн сыры», Назар Эшенкулдун «Шамалды тутуп болбойт да», Зулфия Куралбай кызынын «Аял», Улугбек Хамдамдын «Гүл» деген аңгемелери, Немат Аминовдун сатиралары ж.б. чыгармалар кирген.

Өзбек аңгемелеринде карапайым адамдардын улуттук мүнөзү, элеттик психология, кишилердин баёолугу, ыймандык пакиза жүрүш-турушу турмуштук майда деталдарда, тилдин ширелүү сөздөрү менен ачылып берилет жана бул жагынан кыргыз окурмандарынын руханий-адептик, эстетикалык көрөңгөсүн байытууга салым кошот деп ойлойбуз.«Турар» басмасынан чыккан бул китеп эркин сатыкка чыкпайт, китепканаларга гана жиберилет.