Ушу музейди коругандын логикасын түшүнбөй турам. Эмнеге мындай кылышты? Аянтты тарытуунун кажети бар беле?Эмнеге ушу жанталашып ар нерсени коруй беребиз? Ак үйдөн баштап, бүт министрликтерибиз, болгон имараттардын баарын торлоп бүттүк.Ак үйдөгү фонтан канча жылдан бери «жетимге» айланды. Же бир депутаты барып жүзүн жууй албайт же эл барып сүрөткө түшө албайт.Мамлекетти көрүп БУУнун Чүй проспектисиндеги имараты дагы кызылдай эле тротуарды коруп алды.

Башкаларын айтпай эле койолу.Эми кандай болот? Корула элек эски аянттагы эле Өкмөт үйү калды. Ошонубуз темир тор жамынса, жанындагы Кыргыз драм театр баш болуп, болгон маданий жайларыбыздын имараттары коруна баштайбы деп корком.Килтейген Акүйдүн темир тору бир эмес, эки революцияда тең кымындай туруштук бере алган жок.

Ал дубалды кимдер гана ашпады, эстесең күлкүң келет.Андан көрө Акүй темирин чечип ыргытса, калганы эскертүүсүз эле корулмаларын алып салар беле. Айтор билбейм же өзүбүз ушундай дубал менен аянт чектегенге жакын элбизби, ай билбейм.

Самат Жумакадыр