Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Анын жүрүшүндө президент Ош облусунун Араван районундагы массалык мушташка токтолуп, келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз убагында бөгөт коюлушу керек экенин айтты.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан иш-чара маалында чыккан калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө дыкат иликтөө жүргүзүү тапшырылганын билдирди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван РИИБдин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Аравандагы окуя боюнча көз карашын колдоого алды.