Россиянын Мамлекеттик думасы чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн ID-карта киргизүү жөнүндөгү ИИМдин демилгесин колдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, мигранттын жеке маалыматы киргизилген ID-карта, аны алууну каалаган адам расмий түрдө арыз жазып, кайрылгандан кийин гана берилет. Картаны тариздөөнүн негизги шарты болуп, дактилоскопиялык каттоо (бармак изин алуу), коркунучтуу жугуштуу оорулардын бар-жогун медициналык жактан текшерүү жана арыз ээсинин сүрөтү эсептелинет.

Пластиктен жасалган документти алган мигрант Россиянын аймагында узак убакытка чейин жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк алат, жана карта 10 жылдык мөөнөткө жарактуу чакан жана ыңгайлуу күбөлүк болот.

Россияда  мигранттар үчүн өздүгүн аныктоочу жаңы система киргизилет

Россияда 90 күндөн ашуун жүрбөйм дегендерге ID-картаны алуунун кереги жок. Долбоор 2021-жылдан тарта ишке киргизилмекчи.